• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Москвада дагы бир кыргызстандык кырсыкка кабылды

9 Жалган куран 201917:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.03.2019. Govori.TV

Москвада кыргызстандык башкарган такси жарык орнотулган түркүктү сүзүп эки адам каза болду. Бул тууралуу Риа Новости агенттиги Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына шилтеме берип жазды.

Жол кырсыгы 8-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.40тар чамасында Братиславский көчөсүндө болгон. Айдоочу оор жаракат алган эмес.

«Текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынат», — деп башкармалыктан билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калган.

Булак: sputnik.kg

Теги:
Количество просмотров: 23