• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Москвада элди кокусунан сүзүп алган таксист эркиндикке чыкты

20 Бирдин айы 2019 10:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.

Былтыр Москвадагы Футбол чемпионаты учурунда жол четиндеги элди сүзүп алган кыргызстандык таксист эркиндикке чыкты.

https://www.facebook.com/moldokmatovjenish/videos/631877603930124/

Эске салсак, кырсык болгондон кийин Кыргызстандыктар жердешинин оор кырдаалга тушукканын кайгыруу менен кабыл алып, ошол эле учурда жапырт колдоо көрсөткөн. Ал тургай бийлик өкүлдөрү да көңүл буруп, президент, премьер-министр жана ЖК төрагасы да көз жаздымда калтырган эмес.

Натыйжада ал өткөн жылдын октябрь айында Москванын Тверь райондук соту тарабынан 1,6 жылга кара жумушка кесилип, Смоленск облусуна жиберилген. Ошол чуулуу кырсыкка кириптер болгон 29 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу бүгүн эртең менен эркиндикке чыкты

Количество просмотров: 10