Москва шаарында курулушта иштеп жаткан кыргызстандык жигит каза болду. Бул тууралуу орусиядагы кыргызстандын элчилиги билдирди.
Анда «Кыргызстандык жаран менен өзбек жарандарынын ортосунда ич ара чыр-чатак чыккан. Чырдын кесепетинен кыргыз бала көз жумган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен каза болгон жаранды бийиктиктен кулап түшкөнү аныкталган» -деп жазылат.
Учурда бул окуянын чоо жайын тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Ал эми кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча фактыга таянып текшерүү иштери улантылууда.
Эске салсак эмгек мигранттарынын арасындагы чыр-чатакта 4 кыргыз жана 10дон ашуун өзбек улутундагы жарандар болгон. Учурда аларга дагы кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүруп жатат.