• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Москвада кыргыз аял киши колдуу болуп каза болду

8 Баш оона 2023 9:51 Бишкек Govori.TV

Россиянын Москва облусунун Дмитров шаарында кыргыз аял киши колдуу болуп каза болгон факты боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, каза болгон 1979-жылы туулган А.А.М. жана аны өлтүрүүгө шектелген 1978-жылы туулган Ч.М.А. түбү кыргызстандыктар жана Россия Федерациясынын жарандыгын алышкан.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өз компетенциясынын чегинде маркумдун жакындарына керектүү консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр.

Количество просмотров: 231