• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Москвада кыргызстандык блогерге мекендештери кол салган. Шектүүлөр кармалды…

24 Үчтүн айы 202210:36 Бишкек Govori.TV

Москвада кыргызстандык Tik Tok блогерге мекендештери тарабынан кол салуу болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1991-жылы туулган Н.Д. аттуу КР жаранына каракчылык менен кол салуу фактысы тастыкталды.

Москва шаарынын милициясы Кыргызстандын үч жаранын кармады. Аларга РФ Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш (каракчылык) боюнча айып тагылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 293