Москвада Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин имаратынын жанында көп адам, тактап айтканда Кыргызстандын жарандары чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда орусиялык басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, жарандар эртең мененден баштап чогула башташкан.
«Аталган жерге өлкөсүнө кетүүнү каалагандар чогулган. Чогулгандардын бир катарлары жашаганга каражатсыз, баш калкаларга турак жайсыз калганын айтышты. Ал арада элчилик карантинге жабылган», — деп айтылат.