• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Москвада сабалган кыздын апасы милицияга арыз жазуудан баш тартты

25 Бугу 2022 11:50 Бишкек Govori.TV

Ош облустук ишки иштер башкармалыгы социалдык тармагында тараган жаш кыздын видеосу боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, YouTube” cоциалдык тармагында Өзгөн районунун Чангет айылынын тургуну 2012-жылы туулган С. Т., аттуу жаш кызды, Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын тургуну, 1975-жылы туулган М. Б., аттуу жаран Россия Федерациясынын Москва шаарына неберелерини каратуу үчүн алып барып, аны урушуп, денесине жаракат келтирилген видео келип түшөн.

Аталган маалымат, 2022-жылдын 22-майда Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөо амалдары башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылдын ноябрь айында Өзгөн районунун Чангет айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Ш. Ч., атуу жарандын кызы 10 жаштагы кызы С. Т-ну бир тууган тай эжеси Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын тургуну, 1975-жылы туулган М. Бнын неберелеринин балдарын кароо үчүн жөнөтүп, ошол убактан бери кызы Россия Федерациясынын Москва шаарында жүргөндүгү аныкталган.

Бирок, жогорудагы факты боюнча жабырлануучунун апасы эч кимге арыз дооматтары жотугун билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.

Өзгөн РИИБдин ыкчам-тергөө тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшундө Кылмышка шектүү 1974-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну М. Ш., атуу жаран экендиги такталып, бирок азыркы убакта РФнын Москва шаарында экендиги аныкталган.

Бирок, ОИИБден кошумчалашкандай жаш кыздын апасы арыз жазбаган күндө деле иш териштирилип, окуяга юридикалык баа берилмекчи.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 278