Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук, коргоо жана миграция комитетинин жыйынында депутаттар тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди сүйлөшүү үчүн Москвага барбай койгонун айтып, сындашты.
Депутаттар тышкы иштер министри дароо Россияга учуп барып, жеринде сүйлөшүүлөрдү өткөрсө болмок деп нааразы болушту.
«Сиз ТИМ башчысы катары ар бир мигрант үчүн жооп бересиз жана бул маселени сиз гана чече аласыз. Ооба, сиз байланыштарды түзүп, жаңы өнөктөштөрдү таап Кыргызстан үчүн чоң иштерди жасап атасыз, бирок мончодо кармалган кыргызстандыктар боюнча токтоосуз чара көрүшүңүз керек эле. Учуп барып, көйгөйдү жеринде чечишиңиз керек болчу. Президент деле Россияга барууга уруксат бермек деп ойлойм», — деди депутат.