• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Москвада тажикстандык мигранттар катышкан массалык мушташ болду

1 Бирдин айы 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Москванын түштүгүндө мигранттардын массалык мушташ катталды. Ага Тажикстандын жарандары катышканын ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булагына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, мушташка 15ке жакын киши катышып, алардын бири травматикалык курал колдонгон. Бул окуяга байланыштуу полицияга коомдук тартипти бузган 66 адам жеткирилип, «Курал колдонулган бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги дипломаттар Орусиянын укук коргоо органдары менен байланышта болуп, мушташтын себептерин жана ага катышкан мигранттардын жарандыгын аныктоо менен алектенип жатышканын билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, Москвада 1 миллион 33 миң мигрант бар. Алардын көпчүлүгү Өзбекстандын (31%), Тажикстандын (26%) жана Кыргызстандын (25,4%) жарандары. 2021-жылы августта Москва шаарынын мэри Сергей Собянин акыркы айларда баш калаада жашаган 200 мигрант Орусиядан чыгарылганын, 800 мигрантка каршы кылмыш иштери козголгонун билдирген. Анын айтымында, алар «калайман мушташка катышып, бир нече олуттуу мыйзам бузушкан».

Количество просмотров: 1146