• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Москвада кыргызстандык айдоочу мекендештерин атайылап тебелетип кеткенби?

9 Аяк оона 2018 14:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек 09.09.18 Govori.TV

Москвада болгон адам үрөйүн учурган кырсыкты орус басылмалары жазып чыгышты.  Кырсык  9-сентябрда Москва шаарынын Новочеркасский бульварында, «Соло» кафесинин алдында болгон.

ТАСС агенттиги Москва полициясына шилтеме берип жазганына караганда, айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү атайылап тебелетип кеткен. Ага кафедеги мекендештери менен өз ара пикир келишпестик, андан чыккан чатак себеп болгон.

Буга кыргызстандык  шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин шаардык башкармалыгына шилтеме берип РИА Новосити агенттиги жазды.

Ал эми РЕН-ТВтелеканалынын билдиргенине караганда, жеринде беш адам жабыркады. Шектүү катары 21 жаштагы Бекжан С. аттуу жаран кармалды. Жеринде тартылган сүрөт жана видеолордон талкаланган авто менен Тез жардам унаасын көрүүгө болот.

«Алдын ала маалыматтарга караганда чатак кафеден жөнөкөй эле пикир келишпестиктен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда чыгып кеткен. Алардын бири рулга отуруп, урушкан адамдарын тебелетип салган», — деп айтышты маалымат кызматынан.

Учурда айдоочу кармалып, жабыркагандардын ооруканага жеткирилгендиги айтылды.

https://www.facebook.com/100020894959886/videos/249210372452126/

 

Количество просмотров: 25