• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Москвада унаага тебеленген кыргызстандыктардын учурдагы абалы айтылды

17 Аяк оона 2018 16:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Москванын Новочеркасский бульварында унаага тебеленген кыргызстандыктардын үчөө дагы деле ооруканада, баарынын тең абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
Эске салсак, 9-сентябрь күнү Москва шаарында үрөй учурган окуя болгон. Анда бир нече кыргызстандык унаага тебеленип, бир адам көз жумган. Кийин шектүү катары Кыргызстанда туулуп өсүп, бирок Россиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишев кармалып, төргөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган.
Бир нече убакыт өткөндөн кийин НТВ каналы Бекжан Сарбишевди кырсыкка чейин топтошкон балдар уруп жаткан видеону жарыялаган.
Байымбетованын айтымында, кырсыктан кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган беш кыргызстандыктын экөөнүн абалы турукташып, үйгө чыгарылды.
Ал эми шектүү катары кармалган Сарбишевге элчилик юридикалык жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.
«Эки айга камакка алынган Сарбишев тараптан жардам сурап бизге эч ким кайрыла элек. Бирок элчилик анын мекендеш экенин эске алып юрист берүүгө даяр», — деди Байымбетова.
Ошондой эле маалымат катчы кырсыкта каза болгон кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө документтерди даярдоого жардам берилгенин билдирди.

 

Булак: sputnik.kg

 

Количество просмотров: 21