Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун кесепетинен каза болгондордун саны 143 кишиге, жараат алгандардын саны 360ка жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.
Окуя болгон жерде тергөөчүлөр жана соттук-медициналык эксперттер иликтөө иштерин улантышууда.
Эске салсак, 22-мартта Москва шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерт залында көрүүчүлөргө ок атуу болуп, өрт чыккан. Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгогон. Бул иш боюнча жалпысынан 11 адам кармалган.