• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Москвадагы теракт: 4 шектүү эки айга камалды

25 Жалган куран 20249:49 Бишкек Govori.TV

Москванын Басман соту «Крокус сити холлдогу» терактка шектелген Мухаммадсобир Файзов менен Шамсидин Фаридуниди 22-майга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Буга чейин Басман соту дагы эки шектүү Далержон Мирзоев менен Муродали Рачабалисоданы камакка алууга санкция берген. Соттон билдиришкендей, алар күнөөсүн мойнуна алышкан. Соттук отурум жабык өткөн. 

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги «Крокус Сити Холл» концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 137ге жетти.

Количество просмотров: 643