Москва шаарында 9-майда өтө турган Жеңиш парадына Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышпайт.
Казак президентинин басма сөз катчысы Орусия тараптан тиешелүү чакыруу түшпөгөнүн билдирген.
“Мамлекет башчысынын басма сөз кызматына Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн Касым-Жомарт Токаевдин Москвадагы Жеңиш парадына катышуусу боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү келип түштү. Орусия тараптан тийиштүү чакыруу болгон жок, ошондуктан Москвага иш сапары президенттик графикте пландаштырылган эмес», — деп жазган ал.
Эске салсак, буга чейин аталган Жеңиш парадына президент Садыр Жапаровдун дагы катышпаары маалымдалган. Өлкө башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек Жапаровдун пандемияга байланыштуу барбай турганын билдирген.