Социалдык тармактарда Россиядан учуп келген кыргыз жарандарынын тизмеси талкуу жаратты. Коомчулуктагы тарап жаткан видеодо самолеттун ичинде олтурган жарандар жана аягында белгисиз эркек кишинин, «соо адамдардын баары кетишти, мен эки балам менен калып калдым» деп айтып жатканын көрүүгө болот.
Бул видео талкууга алынып, түрдүү кептер айтылууда. Айрымдары мекенине кайтып жаткандардын тизмеси кылдат текшерилип, жардамга чыныгы муктаж болгондор биринчи көмөк алуусу керектигин айтышууда.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, 17-майда Кыргызстандын 379 жараны Россиянын Москва шаарынан Бишкекке келди. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 116 адам онкологиялык, бөйрөк жетишсиздиги, жүрөк оору сыяктуу оор дарт менен жабыркайт.
27 жүргүнчү жардамга муктаж жарандарды коштоп жүрүүчү болсо, 8 жүргүнчү майып, 38 адам улгайган куракта, 78 жүргүнчү кош бойлуу жана 77 жүргүнчү жаш балдардын ата-энелери. 35 жаран болсо мейманканаларда жашап жаткандар.
Ошондой эле оор дарт менен жабыркагандар, кош бойлуу келиндер, жаш балдар жана карыялардан турган миңдей адам кезекте турат.