Москванын коомдук жайларында кыргыз тилинде жарыялар илинип баштаган. Бул тууралуу Бакыт Молдожанов аттуу Фейсбук социалдык баракчасынын колдонуучусу жазды.
«Чынында эле Москва Кыргыз өлкөсүнүн борборуна айланып жатат окшойт. Эмесе, Москва метрополитенинде, МакДональдста жана башка коомдук жайларда жарыялар орус, англис тили менен катар кыргыз тилинде да илинип жатат», — деп жазган колдонуучу
Эске салсак, Москвадагы буга чейин киргизилген чектөөлөр 31-майга чейин узартылат. Ошондой эле, жарандар өтө зарыл болгон учурда гана көчөгө чыгууга болот, бирок беткап жана колкап сөзсүз кийүү керек.