Бишкек шаарындагы Москва жана Абдрахманов (Моссовет) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруу жайларынын көбү жабылып, таблолору өчүрүлгөн.
Айрымдары ишин улантып, бир долларды 95-98 сомдон сатып алынып, 103 сомго чейин сатылууда.
Белгилей кетсек, жарым күндө Кыргызстанда доллар дагы 3-4 сомго арзандады.
Эске салсак, Улуттук банк тогуз акча алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган. Мындай чечим Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуудан улам кабыл алынганы кабарланган.
Ага ылайык, 2022-жылдын 16-мартынан тартып 30-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына чейин «Ариет Финанс» ЖЧКсы, «Ордо Финанс Плюс» ЖЧКсы, «Нурислам ЛТД» ЖЧКсы жана «Азамат Финанс» ЖЧКсынын лицензиялары убактылуу токтотулган.
Ал эми «АЯТ НУР» ЖЧКсы, «Рашидик» ЖЧКсы, «Исхак жана Исаак» ЖЧКсы, «Интегро Ко» ЖЧКсы жана «Баймак Финанс» ЖЧКсынын лицензиялары 16-марттан 25-мартка чейин убактылуу токтотулган.