Муфтий Максат ажы Токтомушев кыргыз элине кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусунда өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылганына байланыштуу элди тартиптүүлүккө, сабырдуулукка чакырды.
Ошондой эле, муфтий рамазан айы карантин учуруна туш болуп калаарын эскертип, намаз жана ооз ачууну үйдө өткөрүүнү кошумчалады.