• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Муфтийликке 6 талапкер ат салышат (тизме)

20 Бугу 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысына алты талапкер ат салышат. Сынак 21-майга белгиленди. Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай чечим Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын 19-майдагы протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, 22-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна, ал эми 24-25-май күндөрү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө сынак өткөрүлөт.

Кыргызстандын муфтийлигине документтери туура келген алты талапкер ат салышат. Алар:

  1. Нурбек Токтогулов;
  2. Султанали Гапуров;
  3. Шүкүр Исмаилов;
  4. Нематилла Жээнбеков;
  5. Ниязали Арипов;
  6. Убайдулла Сарыбаев.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан тартып муфтийликке талапкерлердин арызы кабыл алына баштаган. Учурда Жоробай ажы Шергазыев муфтийдин милдетин убактылуу аткарып жатат.

Количество просмотров: 237