• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Муфтийликке талапкерлердин арызы 17-февралдан тартып кабыл алынат (шарттары)

16 Бирдин айы 2021 9:33 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан тартып муфтийликке талапкерлердин арызы кабыл алынат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-февралда Аалымдар кеңешинин жыйыны өтүп, 2021-жылдын 5-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайын өткөрүү чечими кабыл алынган.

Кыргызстандын муфтийи болууну каалагандар үчүн коюлган талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;
  2. Салтуу Ислам болуп саналган Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган;
  3. Жогорку финансылык билимге ээ;
  4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин жетиштүү деңгээлде билген (талапкерге артыкчылык берилет);
  5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
  6. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мурда соттолбогон;
  7. Эч кандай саясий партияларга мүчө болбогон;
  8. Мамлекеттик финансылык кызматтарда же мамлекеттик эмес финансылык мекемелерде беш (5) жылдан кем эмес иштеген;
  9. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;
  10. Мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жана жаза билген Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары каттала алат.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

  1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;
  2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (Личный листок) байланыш маалыматтары, жашаган дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);
  3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт) ;
  4. Резюме (Илимий жетишкендиктерине, иш тажрыйбасына жана алган сыйлыктарына басым жасалат);
  5. Мүнөздөмө (акыркы иштеген мекемесинен);
  6. Жогорку финансылык билимин тастыктоочу документтеринин көчүрмөлөрү;
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Документтер төмөнкү даректе кабыл алынат: Бишкек ш., Гоголь к. 57, КМДБнын / муфтияттын имараты, 2-кабат. КМ Аалымдар кеңешинин катчылык бөлмөсү.

Кабыл алуу убактысы: Ишемби, жекшемби күндөрүнөн сырткары, аптанын бардык күндөрү саат: 11:00 – 16:00.

Документтер [email protected] электрондук почтасы аркылуу да кабыл алынат. Электрондук дарекке жиберүү жолу менен катталгандар документтеринин түп нускаларын (оригиналдарын) 17-мартка чейин делонун ичинде тапшырууга тийиш. Документтерди алып келген адам үчүн талапкердин ишеним каты талап кылынат.

Сурап-билүү телефону: + 996 (702) 559684; + 996 (777) 881122;

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2021-жылдын 17-февралынан тартып, 2021-жылдын 17—март күнү саат 18:00гө чейин.

Муфтияттан коюлган талаптарга жооп бербеген документтер каттоого алынбай тургандыгын кошумчалашты.

Количество просмотров: 45