Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе Гулистан айылынын тургуну 16 жаштагы М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам, Өзгөн районунун Куршаб айылынын Ш.Ф. аттуу 14 жаштагы тургунун учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада, Ш.Ф. алган жараатынан улам, аймактык ооруканага жетпей каза болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБи билдирди.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.