• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Муканова: Медициналык багыттагы менчик жогорку окуу жайларын жабуу мүмкүн эмес

16 Бирдин айы 2022 18:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө медициналык багыттагы менчик жогорку окуу жайларын жабуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Govori.TVга Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирди.

«Биринчиден жеке менчик жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө эч ким кийлигише албайт. Экинчиден алар лицензияга дал келиши керек. Деген менен бүгүнкү күндө кайсы бир окуу жай талаптарга жооп берет же жок деп эч ким айта албайт. Талапка жооп бербеген окуу жайлар аныкталгандан кийин гана лицензиясын жокко чыгаруу мүмкүн»,-деди ал.

Белгилей кетсек, президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңеши өткөн жылдын аягында медициналык жогорку окуу жайларды текшерүү чечимин кабыл алган эле.

Буга чейин Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жана факультет жабыла турганын айткан.

Количество просмотров: 1581