• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мукашев, Кудайбердиев, Базарбаев. Кимиси министр болот?

18 Тогуздун айы 2018 10:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына “Кыргызстан” фракциясы 3 же андан ашык талапкер көрсөтөт.
Алардын бирөөсү Кудайберген Базарбаев экени айтылууда, экинчиси каржы министринин статс-катчысы Кыялбек Мукашев, үчүнчүсү Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк  жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кудайбердиев. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
“Кыргызстан” фракциясы азырынча талапкерлердин аттарын толук атаган жок.  Себеби акыркы чечимди 19-октябрда боло турган жыйында кабыл алат.
17-октябрда Каныбек Абдиев  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Буга чейин ал мекеменин статс-катчысы болуп иштеп келген.
Эске салсак, Таалайкүл Исакунова жана анын орун басарлары иштен алынган.
Количество просмотров: 38