• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Муктаж болгон студенттерге контрактты төлөө мөөнөтү узартылат

3 Чын куран 2020 10:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-апрелде Билим жана илим министри Каныбек Исаков өкмөттөгү онлайн жыйынга келип, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу системи жөнүндө маалымат берди.

Анда ал муктаж болгон студенттерге жардам көрсөтүлөөрүн айтты.

«Социалдык жактан кыйналган, социалдык жеңилдиктери бар же баланын ден соолугуна байланыштуу контрактты төлөөгө мүмкүнчүлүк болбосо, окуу жайларга социалдык пакеттин эсебинен пайыздык өлчөмдө жеңилдик берилип, төлөмдүн мөөнөтүн узартуу тууралуу тапшырмалар берилген», — деди Каныбек Исаков

Количество просмотров: 73