• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мунира Норузбаева: Айымдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатууга катышкым келет

24 Теке 2020 9:31 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында өткөн он-лайн тренингдин катышуучусу Мунира Норузбаева айымдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу керек деп эсептейт.

Мунира Норузбаева Талас облусунун жарандык активисти, кесиби боюнча мугалим.

«Мен акыркы тогуз жылдан бери аялдардын жана кыздардын укуктары коргоо жана жогорулатуу багытындагы долбоорлордо эмгектенип келем. Азыркы учурда «Кыргызстан лидер айымдар» түйүнүнүн мүчөсүмүн. Сиздердин тренинге катышуу менен аз да болсо билимимди жогорулатып, түйүндөгүлөр менен бөлүшүү», — деди ал.

Эске салсак, 18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөрөт. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катталды.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Он-лайн тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилген.

Количество просмотров: 153