• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Муниципалдык инспекция Комтранскомго 78 миң сом айып салды

9 Баш оона 2022 17:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Комтранском» ЖЧКсына 78 миң сом айып салды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, инспекция санитардык эрежелердин сакталышына жана жеке ишканалардын катуу тиричилик таштандыларын өз убагында ташып чыгуусуна көзөмөлдү күчөттү.

«Октябрь районун тейлеген «Комтранском» ЖЧКсына «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык 78 миң сом айып салынды. Текшерүү учурунда инспекторлор тарабынан таштандыга толгон 6 таштанды аянтчасы аныкталды. Бул фактылардын негизинде жогоруда аталган ишканага карата протоколдор түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, ишкананын жетекчилиги мыйзам бузууну четке кагып жаткандыктан, акыркы чечим чыгаруу үчүн иш административдик комиссияга өткөрүп берилди.

Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.

Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

— Свердлов району боюнча: 0705003137;
— Октябрь району боюнча: 0551551745;
— Биринчи май району: 0555404818;
— Ленин району боюнча: 0550070505.

Количество просмотров: 194