Бишкек. 21.12.2018. Govori.TV
Мурдагы УКМК нын башчысы Мурат Суталинов 28-декабрда абактан онкологияга которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Буга чейин Мурат Суталинов абакка 14-декабрда кайтарылган. Ал 4-даражадагы айыкпас дарт менен күрөшүп келет. Анын ооруусу олуттуу болгону менен абалы туруктуу. 10 күндүк тыныгуудан кийин кайра дарылоо улантылып турат деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак мурунку УКМК башчысы Марат Суталинов 2010-жылдагы Апрель окуясына айыпталып, 25 жылга соттолуп, жазасын №47 абакта тартып келет.