• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мурдагы депутат Болот Шердин абалы айтылды

13 Кулжа 202017:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Болот Шер инсульт болуп ооруканага түштү. Бул тууралуу анын бир тууган иниси, депутат Садык Шер-Нияз жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Маалыматка ылайык, Болот Шер Улуттук госпиталга 11-июнда жаткырылган.
Абалы орто оор деп бааланып,  жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Ушул тапта абалын орточо оор деп баалап жатат.Дарыгерлер жакшы болуп кетерин айтышты. Болот Шер 2 күн мурда ооруканага түшкөн», — деп билдирген депутат.

Белгилей кетсек, Болот Шер «Ата Мекен» фракциясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Количество просмотров: 3326