• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев камакка алындыбы?

27 Бугу 2021 14:26 Бишкек Govori.TV

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев 48 саатка камалды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары анын адвокаты Канат Хасановго шилтеме берүү менен жазышкан.

Ал эми Канат Хасановго байланышканыбызда, ал Темир Сариевдин жактоочусу эмес экенин, а маалымат буга чейин ага келип түшкөнүн, ошону гана соцтармактагы баракчасына жазганын билдирди.

Ал кошумчалагандай акыркы маалыматтар боюнча, Сариев камакка алынган эмес.

Бирок бул боюнча Сариев өзү да жана тиешелүү органдар да так маалымат берише элек.

Эске сала кетсек парламентте, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жакында бир катар саясатчылар «Кумтөр» кенинин иши боюнча кармаларын билдирген.

Кечээ Темир Сариев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылып, «Кумтөр» кениндеги келишимдер боюнча суракка алынганы айтылган.

Эске салсак, буга чейин «Кумтөр» кенинин ишин текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комисиянын төрагасы Акылбек Жапаров компанияга байланыштуу мурунку президенттер менен премьер-министрлерди айыптап чыккан. Анын айтымында, Темир Сариев премьер-министр болуп турган кезде, ал «Центеррага» 6 миллиард 698 миллион 900 миң сом талап кылып, бирок бул сумманы өндүргөн эмес. Сариев өзү бул маалыматты четке каккан.

Количество просмотров: 628