• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мурдагы президент Жээнбеков камакта жаткан Мелис Аспековду сотко берет

14 Бугу 2021 13:57 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров камакта жаткан активист Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко бере турганы айтылат.

“Бул билдирүү карандай калп, коомчулуктун көңүлүн өзүнүн ыплас иштеринен алаксытып, башка жакка бурууга жан далбас уруп жатканы кимге болбосун түшүнүктүү. Бул максатта Аспеков жалган билдирүү таратып, өлкөдөгү таанымал адамдардын ысымын колдонуу жолу менен элди алаксытууга аракет кылууда. Жалаа жапканы үчүн аны сотко беребиз”, — деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына акыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ал эми Садыр Жапаров буга чейин Аспеков анын шайлоо штабында иштебегенин билдирген болчу.

Эске салсак, Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.

Количество просмотров: 221