• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мурдагы туризм министринин орун басары эчки-текелерден жаңылды

28 Бирдин айы 201819:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.02.2018.Govori.TV.

«Бул кыргыз жери! А бул видео «Өтмөк” ашууда, менин «Талды-Булак» айылыман өткөндөн кийин жерден тартылган»,- деп фейсбук баракчасына мурдагы туризм министринин орун басары Максат Чакиев жазып чыккан болчу.

Видеодо кийиктер автожолдун ортосунда турганын, анын чет жакасында, капчыгайда бейкапар жайылып жүргөнүн көрүүгө болот.

https://www.facebook.com/chakievmaksat/videos/1568270396591857/

 

Бирок, шагыраган эчки-текелердин видеосу Талас облусуна кеткен «Өтмөк» ашуусунда тартылбаганы анык болду. Алар Кавказды байырлаган кийиктер экендигин окумуштуу, биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

«Видеодогу эчки-текелер Кыргызстанда тартылган эмес. Алар Кавказ түрүнө кирүүчү жана тоо теке менен аркардын ортосундагы тоо жаныбарлары. Адатта Кавказ тоолорун байырлашат. Эгерде жакшылап карасаңар, биздикине (Кыргызстандагы кийиктерге — ред.) окшош келгени менен өңү жана мүйүзүнүн формасы башкачараак болуп турат», — деди Улуттук илимдер академиясынын зоология боюнча лабораториясынын жетекчиси Давлетбаев.

 

 

Количество просмотров: 72