• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мурунку аялынын үйүнө барган. Бишкекте терезеге кыпчылып калган жарандын окуясынын чоо-жайы

28 Чын куран 2021 13:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Улан-2 кичи районунда көп кабаттуу үйдүн терезсинин темир тосмосуна кыпчылып калган жаран буга чейин дагы ушундай жол менен батирге кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь РИИБ билдиргендей, эркек киши Д.Ч. аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Ал 19-мартта жогоруда сөз болгон батирге терезе аркылуу мыйзамсыз кирген. Ошондуктан анын үстүнөн арыз жазышкан. 21-апрелде №4 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Д.Ч.ны кармап, тергөөчүлөргө өткөрүп беришкен. Д.Ч. суракка келип турууга милдеттендирилип, бошотулган.

Сурак учурунда Д.Ч. кирүүгө аракеттенген Улан-2 кичи районундагы батирде жубайы менен чогуу жашап келишкенин, учурда жубайы менен расмий түрдө ажырашканын билдирди. Соңку убакта жашаган жери жок болгондуктан, ушундай кадамга барганын айткан.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Улан-2 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы терезенин темир тосмосуна кыпчылып калган эркек кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Алардын маалыматына караганда, эркек кишини куткаруучулар бошотушкан жана ага медициналык жардам талап кылынган эмес.

Количество просмотров: 26722