• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мурунку премьер-министрлер жазасын кайсы жерде өтөй турганы чечилди

22 Чын куран 2020 17:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-апрелде №1 убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясынын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Комиссия тарабынан 86 адам кандай режимде жана кайсы жерде жаза өтөй турганы каралды. Анын ичинде бүгүнкү отурумда мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электр станциялары» ААКтын мурунку башкы директору Салайдин Авазовдун жаза өтөй турган жери аныкталды. Аларга карата Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттун биринчи жана экинчи инстанцияларынын айыптоочу өкүмү чыккан.

Комиссиянын чечими:

  • Сапар Исаков жалпы режимдеги №8 мекемеде;
  • Жантөрө Сатыбалдиев жалпы режимдеги №47 мекемеде;
  • Салайдин Авазов жалпы режимдеги №27 мекемеде жаза өтөйт.

Булак: barakelde.

Количество просмотров: 138