• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Инандыга паспорт берүү иши: Сапар Исаковго издөө жарыяланды

19 Аяк оона 2021 8:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматы Орхан Инандыга жана Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп бүттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.  

Сотко чейинки өндүрүш 320 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 319-беренелери («Коррупция») менен жүргүзүлгөн.

«Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтер жасалмаланып, бардык бланктар мыйзамды одоно бузуу менен толтурулган. Кыргызстандан башка аймакта жүргөн Түркиянын үч жараны жадагалса өлкөнүн чек арасына кирген да эмес, жетөө КРге келип паспортторун алып кайра чыгып кеткен.10 түрк жараны андан мурда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETO гүлендик кыймылынын мүчөлөрүнүн тизмесине киргизилген. Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген», — деп билдирди ШИИБ.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип жатканы туурасында М. Пратовага, Т. Сарпашевге, Б.Табалдиевге, Ф. Ниязовго, А. Атамбевге, С. Исаковго, Д.Сатыбалдиевге, Э. Апиловго. Г. Бердигуловага билдирме жөнөтүлгөн.

Сапар Исаков менен Бусурманкул Табалдиевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. 2021-жылдын 15-сентябрында Алмазбек Атамбаевге Кылмыш Кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилген.

Количество просмотров: 3760