Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы Кыргыз Республикасынын мурунку вице-премьер-министри Тайырбек С.арпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн, жакын туугандарына каттаган.
«Бул сотко чейинки өндүрүш боюнча «Т.С» суракка чакырылат»,-деп айтылат маалыматта.