• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мусабекова: «Кыргызстан эмес Гейстан деген өлкөгө айланабыз»

13 Жалган куран 2019 10:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Жылдыз Мусабекова 8-март күнү борбор калаада «Бишкек феминисттик демилгелер» кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митингге уруксат берген тиешелүү мамлекеттик органдар парламентке келип жооп берсин деген талап койду.

«Алайдын ханышасы Курманжан датка элинин келечегин ойлоп, баласынын башын алдырганга макул болгон. Ал эми 8-мартта өткөн митинг кыргыз элинин аброюна шек келтирди. Алты миллион болдук, келечекте 60 миллион калк болобуз дедик эле. Эркек менен эркек үйлөнүп жатса каяктагы 60 миллион калк болот. Мындайга жол берсек тукумубуз куруйт. Ошондуктан гейлердин жүрүшүнө уруксат бергендер бүгүн парламентке келип, депутаттардын суроосуна жооп берсин. Күн тартипке киргизилсин. Буга көз жумуп коё албайбыз. ЖК оозубузга талкан сугунуп алгансып унчукпай олтура берген болбойт. Эртең Кыргызстан эмес Гейстан деген өлкөгө айланабыз», — деди эл өкүлү.

Депутат Алмазбек Эргешов кесиптеши Жылдыз Мусабекованы колдоп 8-мартта өткөн жүрүш туура эмес болгонун жана бул коомчулукта катуу резонанс жаратканын айтты.

«Ата-бабаларыбыздан калган салтка, ушул улутту сактай турган бул тил менен эле салт экен. Ошол салтыбызга туура эмес келген жүрүш болду. Бул бизге башка көз карашты таңуулап жатат»,-деди Эргешов

Количество просмотров: 39