Белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 2021-жылдын март айында келет. Бул тууралуу Нурмагомедов маалымат жыйын учурунда билдирген.
«Бизде башка өлкөлөр менен түзгөн келишимдер көп. Март айында Бишкек шаарына барабыз»,- деди Нурмагомедов.
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез буга чейин Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.
Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен.