Бишкектин Свердлов районунда бир адам сабалып каза болду. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 13-сентябрь күнү саат 15:32де 102 нөөмөт бөлүмүнө үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге Свердлов РИИБнин кызматкерлери барган. Каза болгон 43 жаштагы А.Бнын денесинде тактар болгон. Көп өтпөй ошол күнү үч адам спирт ичимдиктерин ичип отурганы белгилүү болуп, алардын ортосунда чатак чыгып, аягы мушташ менен бүткөн. Натыйжада алган жаракатынан улам А.Б. каза болгон.
Шектүүлөрдүн бири 36 жаштагы К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда экинчи шектүү изделип жатат.