• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мушташтын айынан 15 жаштагы өспүрүм каза болгон

12 Жетинин айы 202417:58 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 5-сентябрында Сокулук районунун Комсомол айылында жогорку класстын окуучуларынын арасында мушташ болгон. Бул тууралуу Чүй облустук соту маалымдады.

Тергөө маалыматына карганда, 16 жаштагы С.Б. тогузунчу класстын окуучуларын жыйнап, бардыгын кезек менен ичке муштап чыккан. 15 жаштагы Э.А. ушундан кийин өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Жардамга келген медиктер баланын өлүмүн аныкташкан.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөн. Сокулук райондук сотунун чечими менен ушул жылдын 6-ноябрында С.Б. КР Кылмыш кодексинин 130-беренесинин бир нече бөлүгү жана пункттары (Хулигандыктан улам ден соолукка оор залал келтирүү) менен айыптуу деп табылып, ал 8 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 267