• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Музга түшүп кеткен бир үй бүлөөнүн беш жашар кызы каза тапты

21 Үчтүн айы 2019 7:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

Казакстандын чыгышындагы Бухтармин суу сактагычында муз жарылып, сууга жеңил унаа кирип кетти. Бул тууралуу ИИМге шилтеме берип, Казакстандагы Sputnik агенттиги жазды. 

Каргашалуу окуя 18-январь күнү саат 21.00дөр чамасында болду.

«ВАЗ-2019″ үглүсүндөгү унаа суу сактагычтагы муздун үстүнө барган. Ошол убакта муз аны көтөрө албай, сынып кеткен. Машинанын ичинде аялы менен күйөөсү жана алардын үч баласы болгон. Төрт адам өз алдынча чыгып, беш жаштагы кыз чөгүп кетти», — деп жазылган макалада.

Ишемби күнү эртең менен куткаруучулар издөө иштерин баштап, саат 9.30да наристенин сөөгүн таап чыгышты.

Булак: Спутник

Количество просмотров: 28