• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мьянмада аскерлер нааразылык акцияларын басууга даярданууда

15 Бирдин айы 202111:57 Бишкек Govori.TV

Батыш маалымат агенттиктери Мьянманын түндүгүндө аскерлер топтолуп, автоматтын үндөрү угулуп жатканын жазышууда. Би-Би-Си билдиргендей, кыязы, 1-февралдан бери өтүп жаткан нааразылык акцияларын басууга даярдык көрүлүүдө.

Янгон шаарында жайгашкан батыш өлкөлөрүнүн элчиликтери калаага жоокерлер ок өтпөс унаалар менен келгенден кийин бирма бийлигин өз элине зомбулук жасоодон оолак болууга үндөдү.

Жекшембиде Янгондо Интернет иштебей калды. БУУнун өкүлдөрү аскерлер өз элине “согуш жарыялаганын” билдирди.

БУУнун Мьянма боюнча атайын өкүлү Том Эндрюс бийликти басып алган аскерлер өз иштери үчүн жоопкерчилик тартарын айтты.

Бул арада Мьянманын жашоочулары өлкөдөгү аскер режимине каршы нааразылык өткөрүүнү улантышууда.

Генералдар 1-февралда бийликти төңкөрүш жолу менен алып, өлкөнүн лидерлерин камап, бир жылга өзгөчө абал жарыялаган. Алар ошондой эле төңкөрүшкө каршы чыккандарды «туруктуулукка коркунуч жаратып жатат» деп, аларга катаал чаралар көрүлөрүн эскертишкен.

https://twitter.com/profYeMyintKyaw/status/1360923599951962115?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1360923599951962115%7Ctwgr%5E%7Ctwcon%5Es1_&ref_url=https%3A%2F%2Fwww.svoboda.org%2Fa%2F31102640.html
Количество просмотров: 102