• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мьянмада төрт оппозициячыл активист өлүм жазасына тартылды

26 Теке 2022 8:49 Бишкек Govori.TV

Мьянманын аскердик бийлиги эл аралык коомчулуктун айыптоосуна карабай оппозициячыл төрт активисттин өлүм жазасын ишке ашырды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Өлүм жазасына тартылгандарга былтыр аскерлер бийликти колуна алгандан кийинки тополоң учурунда армияга каршы зомбулукка катышкан деген айып тагылган.

50 жылдан бери өлкөдө бул жогорку жаза колдонула элек болчу. Бир катар уюмдар менен БУУнун эксперттери активисттердин өмүрүн сактоого чакырып келишкен.

Өлүм жазасына тартылгандардын арасында бийликтен төңкөрүлгөн Аун Сан Су Чжинин партиясынын мүчөсү, мурдагы мыйзам чыгаруучу Фио Зейя Тоу жана активист Чжо Мин Ю бар. Калган экөө аскердик бийликтин тыңчысы деген аялды өлтүрүү үчүн айыпталган.

Саясий туткундарга жардам берген уюмдун маалыматына караганда, былтыркы төңкөрүштөн кийин Мьянмада 2100дөн ашык киши коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапты.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму активисттерди өлүм жазасына тартуу менен Мьянманын аскердик бийлиги былтыркы кутумуна каршы чыккандарды ооздуктоону максат кылууда деп билдирди.

Количество просмотров: 253