Түндүк Кореянын өкмөтү өлүм жазасы каралган кылмыштардын тизмесин көбөйттү. Эми ак түстөгү үйлөнүү үлпөт көйнөк, көк жынсы шым, көз айнек таккандарга катуу жаза колдонулуп, өлүм жазасына тартылат. Бул тууралуу Йохап сайты жазган.
Жаңыланган кодекстерге ылайык, өлүм жазасы каралган жаңы кылмыштар көбөйдү. Мамлекетке каршы үгүттөө, куралды мыйзамсыз өндүргөндөр жана колдонгондор да өлүм жазасына тартылат.
Буга чейин Түндүк Кореянын түндүк-батышындагы селге байланыштуу жыйырмадан ашык мамлекеттик кызматкер, жаратылыш кырсыгына келтирилген зыяндын алдын албагандыгы үчүн өлүм жазасына тартылган.