• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

20 Бештин айы 202416:05 Бишкек Govori.TV

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу боюнча кылмышты аныктады.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, милицияга Пристань Пржевальск айылында белгисиз адамдардын мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенгендиги тууралуу билдирүү түшүп, ыкчам-иликтөө иш-чаралары башталган.

Натыйжада Пристань Пржевальск айыл аймагында мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенген алты тургун белгилүү болгон. Алардын турак жайларына мыйзам чегинде тинтүү жүргүзүлүп, 20 сига лудога балыгы, 1 форель, 8 карась, 1600 метр синтетикалык тор, 3 кайырмак, 1 мотолодка жана 1 катер далил зат катары алынган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Пристань Пржевальск айылынын тургуну 1980-жылы туулган А.В. шектүү катары аныкталып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жогоруда алынган далил заттын арасынан А.В.га 9 сига лудога, 1 форель жана 11 мүшөк тор тиешелүү.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 301