• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мыйзамсыз курулуштарды калкалаган. Вице-мэрдин кармалышынын чоо-жайы

15 Чын куран 2024 12:02 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мурда Бишкек шаарынын администрацияларынын биринин жетекчиси болуп турган С.М.Ш., мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектине негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

Тактап айтканда, С.М.Ш. мыйзамсыз түрдө өзүнүн компетенциясынын чегинен чыгып, шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак ниетсиз ишкердик субъектине бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң АКШ долларын түзөт.

Аны менен катар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары тарабынан аянты 300 чарчы метр болгон бул коммерциялык объектти эч кандай уруксат берүүчү документтери жок куруу фактысы аныкталган. Ошонун негизинде объект белгиленген тартипте бузулууга тийиш болгон. Бирок, С.М.Ш. өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп, бул процессти ар тараптан токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды жараткан. Натыйжада, мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаанын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн курулган объектинин ордунда сейил бак жашылдандырылган», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да С.М.Ш. тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө да коррупциялык факты аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган.

Аталган факты боюнча өзүнчө иш жүргүзүлүп, текшерүү иш-чаралары уюштурулуп, керектүү экспертизалар дайындалган.

УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри С.М.Ш. жана ишкер Т.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан аталган иштин бардык жагдайларын, жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 128