• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мыйзамсыз менчиктелген мектеп мамлекетке кайтарылды

18 Аяк оона 202416:43 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Гаврилов мектебине жанаша жайгашкан жалпы аянты 18060,0 чарчы метр имарат мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

1992-жылы мектепти Шопоков атындагы айыл чарба кооперативи мыйзамсыз менчиктештирип алган. Аталган кооператив 2006-жылы Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен 12 миллион 500 миң сомго мектепти сатып алуу келишимин түзүп, бирок билим Берүү министрлиги көрсөтүлгөн сумманы кооперативдин эсебине которсо дагы мектептин имараты ушул кезге чейин мамлекеттин менчигине кайтарылган эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мектептин сметалык баасы 255 млн. 649 миң сомду түзгөн мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

Количество просмотров: 177