УКМК тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы буга чейин жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен Кызыл-Белес тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан, жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен наркы 50 миллион сомдон ашык жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.