• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мыктыбек Абдылдаев эмнеге шайлоого аттанган жок? Сулайманов жооп берди

18 Баш оона 2020 16:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев алдыдагы шайлоого катышуудан баш тарткандыгы боюнча аталган партиянын лидери Алтынбек Сулайманов билдирүү таратты.

«Достор, кечээтен бери “Мыктыбек Юсупович депутаттыкка эмнеге аттанган жок?” деген суроолор көп болуп жатат. Бул ал кишинин жеке чечими. Мыктыбек Юсуповичти Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынан көргүсү келгендердин саны күндөн-күнгө арбып жатат. Биз дагы партиялаштары катары ал кишиден парламентке кайтып келүүсүн сурандык, катарыбыздын сап башында көргүбүз келди. Бирок, Мыктыбек Юсупович аксакал катары саясатка жаңы жүздөрдүн келүүсүнө жол ачып берерин айтты. Мыктыбек Юсуповичтин бул кадамы көпчүлүк саясатчыларга үлгү болушу керек. 6-чакырылыштын эң үлгүлүү, сабырдуу, билимдүү, өз ишин мыкты билген профессионал, бир позицияны карманган татыктуу депутаты катары элдин сыйына ээ боло алды»,-деп билдирди Сулайманов.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты, саясий ишмер Мыктыбек Абдылдаев алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын «Бир Бол» саясий партиясынын съездинде билдирген эле.

Количество просмотров: 771