• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу кар көчкүдөн тазаланууда

16 Үчтүн айы 202410:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-январда саат эртең мененки саат 08:20да Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери №26 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан жүргузүлдү.

Эскерте кетсек, 16 январь түнкү саат 03:00 чамасында бул унаа жолго кар көчкү түшүп, унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 3200 м3 түзөт.

Количество просмотров: 74