Мышык аткан адам аныкталды.Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат таркаган соң Жалал-Абад ОИИБнын кызматкерлери да териштирип видеодогу атуулдун өздүгү аныкталып, ички иштер башкармалыгына алынып келинди.
Мындан 1 ай мурда, 5-октябрь күнү саат 12-00 чамасында, Жалал-Абад шаарынын Миң-Өрүк көчөсүнүн тургуну 1983-жылы туулган Кубатбеков Ильяз үйүнүн алдындагы короосунда, өзүнүн 1 жылдык мышыгын мойнуна тросстон жасалган сыйыртмак салып байлап алып, жаныбарларга өзгөчө ырайымсыздык мамиле жасап, тир мылтыгы менен эки жолу атып өлтүргөн.
Аталган окуя “Вечерний Бишкек” интернет сайтына жарыяланып, Ильяз Кубатбековдун жаныбарларга ырайымсыз мамилеси тууралуу коомчулуктун чоң талкуусуна алынган соң Жалал-Абад ОИИБнын кылмыштарды каттоо китепчесине “Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо” фактысы менен катталып, тергөө иштери жүргүзүлө баштады.